• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Башкы прокурор КМШнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Күн мурун Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев КМШ мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңешинин 9-отурумуна катышты.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында башкы прокурор коррупция менен күрөшүү тажрыйбасы, актуалдуу маселелер жана аларды чечүү жолдору тууралуу баяндама жасады. Ал коррупция менен күрөшүүдө активдүү эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарды сунуштады.

Ошондой эле Тажикстандын Мамлекеттик финансылык контролдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси С.Султонзода менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

КР Башкы прокуратурасы Тажикстандагы жана кеңештин башка мүчө-өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен кызматташууну жана тажрыйба алмашууну активдүү улантууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий