• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

№260 кичиавтобустук каттам “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына” өткөрүп берилди

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти №260 кичиавтобустук каттамды тейлеген «Талкут» ЖЧКсы менен келишимди үздү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, департаментке айдоочуларга кысым болуп, жумушка киргизбей жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Адистер жерине барып экспертиза жүргүзүшкөн, бирок айдоочулар табылган эмес. Ал ортодо депаратменттин имаратына 30га жакын айдоочу келип, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасына өткөрүүнү талап кылышкан", - деп кошумчалашты мэриядан.

Депаратамент директору тараптардын чыр-чатактарынын себептерин билүү жана мүмкүн болсо тараптары жараштыруу үчүн ишкананын жетекчиси М.Жекшеновго телефон чалган. Тилекке каршы, айдоочулар сүйлөшүүдөн баш тартышкан.

"Буга байланыштуу жарандарды тез арада транспорт менен камсыз кылуу максатында келишимди бузуп, айдоочулар менен болгон бул линияны муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасына өткөрүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 12-апрелде ЖМКларда Арча-Бешик конушундагы акыркы аялдамада эл көптөн бери транспорт күтүп жаткан видео жана сүрөттөр жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий