• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарды айыпка жыкты

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан КРнын жаранына (Т.Г.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз акча алмаштырган Кыргызстандын З.Т. жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий