• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Башкы прокурор Максат Асаналиев АКШ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда укуктун үстөмдүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге колдоо көрсөтүү жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу чаралары тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, тараптар прокуратуранын ишине заманбап технологияларды, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулашып, тажрыйба алмашуу жана тренингдерди өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий