• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Башкы прокурор Максат Асаналиев Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурору Максат Асаналиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы укук тартиби жана коопсуздукту камсыздоо жаатында мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 22-жыйынына КЭР Жогорку Элдик прокуратурасынын делегациясынын катышуусун даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аталган жыйын 2024-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында өтөт.

Эки тарап алдыдагы отурумду ийгиликтүү өткөрүүсүнө ишенимин билдиришип, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий