Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан кайрылгандар менен жеке жолугушуп, алыскы аймактардагы жарандарды онлайн форматта кабыл алды.
Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер маселелери жана анын чечилишине байланышкан чыр-чатактар, ишкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү, мамлекеттик мекемелердеги мыйзам бузуучулук фактылары жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү көйгөйлөрдү камтыды.
Максат Асаналиев көтөрүлгөн маселелерди тыкыр изилдеп, ар бир кайрылууга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле алардын чукул арада мыйзам чегинде чечилүүсүн талап кылды.
Пикир
Оставить комментарий