Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кечээ, 30-январь күнү саат 16:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикир
Оставить комментарий