• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Баткенде милиция кызматкерлери БШК мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздашты

Аймак 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Бүгүн милиция кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен биргеликте Баткен облусунун Зардалы айылына барышты.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Зарыдалы айылы Баткен облусунун тоолорундагы эң алыскы жана жетүүгө кыйын айыл болуп эсептелет.

Сыртта добуш берүүнүн тартибине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулар жашаган жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календарлык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Буга чейин арыз тапшырган бул айылдын жашоочулары добуш берүү процедурасын жайдан тышкары өткөрүштү.

Шайлоо процессинин ар бир этабында ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат жана өз ишин шайлоо комиссиялары менен биргеликте жүзөгө ашырат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруп жаткан участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу да милиция кызматкерлеринин милдеттерине кирет.

Пикир

Оставить комментарий