• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Жалал-Абад облусунда санариптештирүүнүн жүрүшү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында санариптештирүү аракеттеринин жүрүшү, аткарылган иштер жана көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул багыттагы жыйын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги менен өттү. Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район-шаар башчылары катышты.

Мында облустун аймактарында калкты тейлөө борборлорун уюштуруу, имарат, материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо жана штаттык бирдик көйгөйлөрү айтылды.

Жыйында ар бир аймактын санариптештирүү алкагындагы маселесин чечүү, чогуу жумушту илгерилетүү аракети көрүлөрү белгиленди.

Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызмат өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, заман талабына ылайык облуста санариптештирүү алкагында реалдуу кадамдар жасаларын кошумчалады.

Учурда аймактардан Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо райондорунда жана Жалал-Абад шаарында калкты тейлөө борборлору (ЦОН) ачылган.

Мындан сырткары, облуста үй чарба китепчелерин санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө. “Санарип аймак” тутумуна катталган үй-чарбалардын саны 154 миң 963тү түзүп, 62,7 пайызга аткарылган. Ал эми аталган тутумга 558 миң 338 адамдын маалыматтары кошулган.

Анын артыкчылыгы толук электрондук документ алмашуу тутуму жүрүп, коррупциялык көрүнүштөр жоюлуп, жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт.

Пикир

Оставить комментарий