Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 24-мартта болжол менен саат 08:11де катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш айылында 3 баллга, Ай-Көл айылында жана Сүлүктү шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий