• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облусунун аймагында абал тынч — өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында абал тынч. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы жаңжал болгон жерге барып, кырдаалга көз салууда.

Эске салсак, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р.Миршакиров жөнөп кеткен.

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтобой, коңшу тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тарта баштаганы айтылган.

Ал эми саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогон.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты. Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий