• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткен облусунда айыл аймак башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке турак жай куруу үчүн жергиликтүү калкка жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө айрым кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке курулушка жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин оң чечкени үчүн жергиликтүү тургундардан 100 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 14-декабрда 6 миң 600 доллар өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан учурда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын башчысы Д.Ж. кармалды.

Алынган далилдердин негизинде Д.Ж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий