Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, бүгүн 12-декабрда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургундары менен жолукту.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жыйында эл жол, суу, электр энергиясына байланышкан суроолор менен кайрылышты. Ошондой эле айылдарда дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын билдиришти. Жергиликтүү багбандар мөмө- жемиштерин экспорттоодо жаралган тоскоолдуктарды жоюп, көмөк көрсөтүүнү суранышты. Аны менен катар табигат кырсыктарынын алдын алуу багытында айыл аймакка эки сел тосмосун куруу зарылдыгын айтышты.
Ошондой эле жеке жактар менчиктеп алган союз убагындагы ишканаларды мамлекетке кайтаруу менен, элдин социалдык муктаждыгын жеңилдетүү боюнча ойлорун ортого салышты.
Облус башчысы жашоочулардын суроолоруна жооп берип, бир катар маселелерди жеринде тийиштүү жетекчилердин катышуусунда чечүү жолдору талкууланды. Турак жай куруу үчүн жер тилкесине болгон муктаждыкты чечүү үчүн трансформация маселесин тездетүүнү айыл аймак башчысына тапшырды.
Ошону менен бирге айыл өкмөттү жергиликтүү депутаттар менен биргеликте натыйжалуу иш алып баруу керектигин айтты.
Жолугушуудан соң Абдикарим Алимбаев аймактагы бир катар обьекттерден кабар алып, чечилбей келген маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Пикир
Оставить комментарий