• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. 4-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 15…20, Таласта 13…18, Ысык-Көлдө 9…14 жана Нарын облусунда күндүзгү абанын табы 12…17 градус жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометрдин күндүз көрсөткүчү 15…20 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болуп, жамгыр жаабайт. Күндүз 17…19 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий