• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер инистрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4 миң доллар сунуштагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында М.Б. аттуу жаран пара катарында алып келген 4 миң долларын тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.

Азыркы учурда М.Б.КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.

Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий