• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткен шаарына 54 тонна көмүр келди

Аймак 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Баткен шаарына 54 тонна көмүр келди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен шаарынын Чет-Булак жана Кызыл-Жол аймактык башкармалыктарында базар баасынан арзан көмүр сатылууда. БР маркасындагы көмүрдүн баасы 8 сом 50 тыйын.

Буга чейин да мэрия менен көмүр кендеринин түз келишиминин натыйжасында 60 тонна көмүр алынып келип, базар баасынан арзан сатылган.

Ошондой эле Баткен шаарынын мэриясы шаар калкын көмүр менен камсыздоо максатында Сүлүктү шаарындагы төрт көмүр кени менен келишим түзгөн. Муктаждыкка жараша көмүр дагы ташылып келет.

Белгилей кетсек, шаардагы социалдык жактан муктаж болгон 100 үй-бүлөгө кышка карата 2 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин мэрия жана жалпы жеке ишкерлер тарабынан 2650 тонна көмүр алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий