• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Баткенде 150 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Баткен районунун Таян айылындагы 150 орундуу Таян мектебинин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чаба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, тендердик баасы 83,2 млн сомду түзгөн.

Долбоор боюнча заманбап шартта эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галерея, ашканасы бар. Ошондой эле негизги окуу класстардан тышкары китепкана, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лаборатория, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Объекттин жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо иштери 95%га бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 18 социалдык объектте курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий