• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Баткенде 20 мунай скважинасы ишке кирсе, облусту күйүүчү-майлоочу май менен толук камсыздайт

Маек 0

Баткен облусунда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилери күтүлүүдө. Аны менен катар Кадамжай районунда суткасына 500 тонна өлчөмдө мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктап калды. Бүгүнкү күндө аталган райондо жети кенде мунай казуу иштери кызуу жүрүүдө. Мунай кендерин иштетүү Кыргызстанга канчалык деңгээлде пайдалуу, экологияга жана жергиликтүү тургундарга тийгизген таасири тууралуу Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директору Айбек Чодонов “Кабар” агенттигине маек куруп, мунай кендерин иштетүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.

Баткен облусунда нефти казуунун алгачкы этабы башталганы маалым. Мунай казуу экономикага конкреттүү кандай салым кошо алат?

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан тартып Баткен облусунда жайгашкан "Түндүк Сох" жана "Чоңгара Галча" кендеринде мунай казыла баштаганын билесиздер. Учурда 7 мунай скважинасынан мунай өндүрүлүүдө. Жыл аягына чейин жалпы 20 скважинадан суткалык өндүрүш көлөмү 30 тоннаны түзгөн мунай өндүрүлүүсү күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө долбоордун үстүндө 64 адам иштеп жатат. Иш процессинин толук кандуу башталышы менен 350-400 жумушчу орун түзүлөрү пландалган. “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААК коомунун ортосундагы биргелешкен макулдашууларга ылайык, Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Көкталаа айылында суткасына 500 тонналык кубаттуулукта нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу аягына чыгып калды. Декабрь айында ишке киргизилет деп пландап жатабыз. Аталган долбоор ишке ашса, облуска чоң киреше алып келет. Биринчиден, жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болот жана бюджетке салыктар төлөнүп, мунай өндүрүүдөн түшкөн киреше инфраструктураны жакшыртууга жумшалат. Алар жол, мектеп, ооруканаларды оңдоо сыяктуу мамлекетке пайда алып келе турган иштер.

Кирешелүү тармак, тактап айтканда, Баткендеги сиз айткан кендер буга чейин эмне себептен иштетилбей турган?

Анын олуттуу себеби бар. Баткенде жайгашкан "Түндүк Сох" жана "Чоңгара Галча" мунай кендери буга чейин Өзбекстандын карамагында болчу. Биз ал жерден мунай казып алмак түгүл, жакын барууга укугубуз жок болчу. Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси чечилип, жерлерибизди тактап, эки өлкөнүн бийлиги жүргүзгөн делимитация жана деморкация иштеринен соң бул кендер Кыргызстандын карамагына өттү. Мына ошондон кийин гана биз бул эки кенди иштетүү укугуна ээ болдук.

Нефтини кайра иштетүүчү завод суткасына 500 тонна мунай иштетип чыгат деп калдыңыз. Өндүрүлгөн продукция каякка кетет, эмнеге жумшалат?

Мунай кендерин иштетүүнүн башкы максаты – Баткен облусун күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу. Өзүңүздөр билгендей, бул аймак борбор калаадан алыс жайгашкандыктан күйүүчү-майлоочу продукциялардын ташуу акысына көп каражат жумшалып, жыйынтыгында элге сатыла турган баасы бир топ эле кымбаттап кетет. Ошол себептүү 92-95-маркадагы бензин, дизель жана мотор майларын, курулушка иштеткен битумду жеринде өндүрүп, өз баасында Баткен облусун камсыздоо тапшырмасы коюлган. Жогоруда айтылгандай, суткасына 500 тонна күйүүчү-майлоочу май өндүрүп чыгып, даяр продукция Баткен облусунан ашып калса, экинчи кезекте Ош облусун камсыздоо каралган. Кайра иштетилүүчү завод ишке кире электигине байланыштуу, биз азыр казылган мунайды сактоочу кампада чогултуп жатабыз. Завод ишке киргенден кийин иштетүүгө беребиз.

Сиздер өндүргөн бензин, дизель майы, битум жана башка майлардын сапаты кандай болот?

Казылып алынган мунайды Кочкор-Атадагы лабораторияга жиберип, сапатын текшертип көрдүк. Сапаты жагынан жакшы деген бүтүм чыгарышты. Бул жерде баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, күйүүчү-майлоочу майдын сапаты кайра иштетүүдөн көз каранды эмес. Жерден казылып алынган мунайдын сапатынан көз каранды. Жерден казылып алынган ар бир тоннадан 10 пайызы бензин, 40 пайыз дизель, 35 пайыз битум жана 15 пайызынан мотор майлары иштелип чыгат. Бүгүнкү күндө 1200-1400 метр тереңдикте казып жатабыз, ал тереңдикте мунайдын запасы түгөнсө, кийинки этапта 4500-5000 метрге чейин казып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мунай өндүрүүнү колго алуу менен экологияга жана жергиликтүү тургундарга терс таасирин тийгизип алуу коркунучу жокпу?

Азыр технология өнүккөн заман. Мунайды колго кайнатып экологияга терс таасирин тийгизүү коркунучу жокко эсе. Мунай казууда жана аны кайра өндүрүүдө акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялар колдонулгандыктан элге да, экологияга да эч кандай зыян болбойт деп толук ишендире алам. Кооптонууга негиз жок.

Маектешкен Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий