• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0


Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 га болгон З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү болуп, мурда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.

УКМК республиканын бардык аймактарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык жер тилкелерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий