Баткенде 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат — Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусунда 72 маршруттук каттамдын 8и иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен экөө эл аралык, алтоо шаар четинде каттайт.

“Лейлек району боюнча 5 каттам: Интернационал-Даркум, Интернационал-Бешкент, Маргун-Арка, Исфана-Арка, Интернационал-Кайрагач. Баткен району боюнча 3 каттам: Баткен-Исфана, Баткен-Аксай, Баткен-Көк-Таш багыты боюнча жүрүүдө. Жогоруда саналып өткөн маршруттук каттамдар айылдардын тургундары өздөрүнүн туруктуу жашаган жерлерине толук кайтканга чейин убактылуу иштеп жатат. Тургундар толук кайткандан кийин бардык маршруттук каттамдар өз иштерин улантат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий