• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда сел калдыктарын тазалоо иш-чаралары толук аяктады

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда сел калдыктарын тазалоо иш-чаралары толук аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 12:00 чамасында Aксы районунун Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Жолборсту айылындагы Сүйрү-Тектир, Бел-Өрүк тилкелерине баруучу, Эчкили-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Шынаа айылында Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука унаа жолуна орнотулган 3 даана сел суулары өтүүчү темир бетон шакекченин түбүн, Райкомол айылындагы ички чарбалык унаа жолду, Кечүү айылында Ак-Жол-Кечүү жолунун айрым жерлерин, Разан-Сай айылында Сары-Таш тилкесине баруучу ички чарбалык жолдун айрым жерлерин жана Күрп-Сай айылындагы ички чарбалык унаа жолду кокту колоттордон келген сел суулары каптап, жол каттамына кыйынчылыктарды жараткан.

Учурда жогорудагы жолдордо унаалар өтүп жатат.

Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 19:00дө тазалоо иш-чаралары толук аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий