• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баткенде 97 турак үй сел коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Баткен облусундагы Баткен районунун аймагында сел коркунучунан коргоо жумуштары уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылындагы сел коргоо тосмонун жээгин бекемдөө жана Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштеринин курулушу жыйынтыкталса, Ак-Татыр айыл өкмөтүндө 22 турак үй, 5 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты, ал эми Апкан айылында 75 турак үй, 15 гектар огород, мектеп жана балдар бакчасынын имараты, ошондой эле мечит, ФАП жана 500 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий