• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Баткен шаарында кыргыз-өзбек айыл чарба жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Эртең, 14-ноябрда Баткен шаарынын борбордук аянтында кыргыз-өзбек эл аралык айыл чарба жарманке-фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жарманкеге жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен катар, Өзбекстандын Сох, Рыштан райондорунун дыйкан фермерлери жана ишкерлери өндүргөн продукциялар коюлат.

Иш-чаранын максаты элди арзан баадагы органикалык азык түлүктөр менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын тартуулоо, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын, ишкерлеринин кызматташтыгын чыңдоо болуп саналат.

Жарманке кыргыз-өзбек маданият өкүлдөрүнүн катышуусундагы маданий иш-чаралар менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий