• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында чек ара жана бажы кызматынын жетекчилери бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев, аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттерге карабай,акыркы учурда чек ара аймактарында аткезчилик активдешип жатканын белгилеп, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андыктан мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп, катуу күрөш менен мыйзамсыз бул иш аракетке бөгөт коюуну тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий