• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош: мэр шаардын тазалыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Ошто тазалык боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында, бүгүн, 25-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын аймактык кеңештерде, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жүргүп жаткан тазалоо иштерин текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жазгы тазалоо иштери боюнча Өкмөттүн токтому, мэриянын буйругу чыгып, үч айлык жарыяланган, анын алкагында Ош шаарында тазалоо иштери 3 этап менен жүрүп жатат деп билдирди.

“Жалпысынан алганда тазалоо иштери канаттандыраарлык эмес, анткени шаардын борбордук аймактарындагыдай, шаардын чет жакаларында тазалык анчейин болбой жатат. Андыктан 1 айдын аралыгында толугу менен бүткөрүү иштерин аткаруу талабын койдум. Ал эми жалпы шаардыктарды шаардык көркүнө салым кошуп, тазалыкты сактоого чакырабыз”, -деди А.Кадырбаев.

Шаар мэри көчөлөрдү, канал жээктерин карап чыгып, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына, аймактык кеңештин төрагаларына айтылган мүчүлүштүктөрдүн үстүнөн тынымсыз иштөө талабын коюп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жарыяланган үч айлыкты алгылыктуу жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Ал эми шаар башчысы бир жумадан соң дагы аймактарды кыдырып, бүгүнкү кемчиликтердин жыйынтыгын карап чыгат.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жуманын ар ишемби күндөрү жалпы ишембилик өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий