• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору талкууланды

Аймак 0

Ош, 30.12.17. /Ерлан ТургунбаевКабар/. Кечээ, 29-декабрда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоорун талкуулоо болуп өттү. Талкууга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мэриянын өкүлдөрү, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жетекчилери, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жана аймактык Кеңештердин, бизнес коомчулуктун, көз карандысыз экспеттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

“Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин 2017-жылдын 3-апрелинде “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” №1 чечими кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы №297 токтому менен "Таза Коом" улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча атайын кеңеш түзүлүп, учурда эксперттик топтор тарабынан бүгүнкү күндө 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюлду.

Аталган стратегиянын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий порталдарына жайгаштырылган.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы тарабынан да жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу стратегиянын долбоору шаар тургундарына жеткирүү максатында атайын мэриянын расмий порталына 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору жайгаштырылып, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоорун талкулоону уюштуруп, сунуштарды берүү боюнча тапшырмалар жеткирилген. “Таза коом” долбоору өлкөнү 2040-жылга чейин пландалган туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын негизги жана маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат жана жаңы, заманбап технологияларга негизделген, санариптик мамлекет түзүүгө багытталган программа экендигин түшүнүү менен бул иште жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл”,-деди биринчи вице З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө, Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий