• 87
  • 89.63
  • 0.85

Баткенде баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Баткенде баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Баткен районунун аймагында белгисиз жаран жашыруун түрдө баңгизат колдонуп жүргөндүгү боюнча маалымат алышкан. Бул боюнча Лейлек райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун 34 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну Баткен шаарынан кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатына окшогон зат табылып алынган.

Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык алынган зат 2,72 граммдан ашуун "гашиш" наркотикалык зат экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий