Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, 23 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана нугун түздөө жумуштары 120 метр узундукта аткарылды. Аталган участка Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашып, Гайрат айылындагы жер аянты жана турак үйлөр сел кооптуулугунан коргоого алынды.
ӨКМ тарабынан бөлүнгөн эксковатордун жардамы менен Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, аны менен катар эле 63 турак үй, 23 гектар айыл чарба жер аянты, 2000 метр ички чарбалык жол жана 5300 метр ички чарбалык жер сел каптоо коркунучунан корголду.
Пикир
Оставить комментарий