• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Баткенде Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Башкармалыктын төрагасынын орун басары Токтобек Токоев, долбоорлорду каржылоо башкармалыгынын улук талдоочусу Дастан Акылбеков, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баш болгон Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана Баткен облусунун Ишкердикти өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйында аталган банктын өкүлдөрү, аймактардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган ири долбоорлорду колдоо шарттары тууралуу маалымат беришти.

Жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын артыкчылыктуу милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Аймактарда өндүрүштүк инфраструктураны реабилитациялоо жана өнүктүрүү;
  • Региондордо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
  • Орто жана узак мөөнөттүү негизде экономика субъекттеринин кредиттик ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу;
  • Экономиканын структуралык жылыштарын стимулдаштыруу;
  • Экономиканын экспортко багытталган өндүрүштүк секторун түзүү;
  • Региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдөө;
  • Ата мекендик ишканаларды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга дем берүү.

Пикир

Оставить комментарий