Баткенде облус башчысынын кубогу үчүн спорттук мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.06.23./Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн спорттук мелдеш өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мелдеш күн мурун, 17-июнда мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата өткөрүлдү.

Мелдештин волейбол түрү боюнча эркектер арасында:

- 1-орунду өкүлчүлүктүн аппараты;
- 2-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы,
- 3-орунду Баткен райондук мамлекеттик администрациясы ээледи.

Аялдар арасында:

-1-орунду Сүлүктү шаардык мэриясы;
-2-орунду Баткен шаардык мэриясы;
-3-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы ээледи.

Аркан тартыш боюнча аялдар арасында биринчи орунду президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн командасы камсыз кылса, эркектер арасында Баткен шаардык мэриясынын командасы жеңди.

Гиря көтөрүү боюнча мелдеште эркектер арасында биринчи орунду облус башчысы Абдикарим Алимбаев ээледи. Ал эми аялдар арасында Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан Гүлнара Колдошова багындырды.

Таяк тартыш боюнча эркектер арасында биринчи орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан Сабыр уулу Бекболот камсыз кылса,аялдар арасында 1-орунду Баткен шаардык мэриясынан Курбанбек кызы Умсунай ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана кызыктуу оюн көрсөткөн оюнчуларга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кубогу, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, спорттук мелдеш облус башчысынын демилгеси менен аймакта сергек жашоо образын калыптандыруу, мамлекеттик кызматкерлердин биримдигин чыңдоо максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий