• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Баткенде облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Баткенде облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана башкармалыктын жетекчилиги, кызматкерлери катышты.

Юстиция үйүнүн курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланып жалпы сметалык баасы 35 млн сомду түзөт.

Курулушту 2025-жылдын 1-кварталына бүткөрүү пландалууда.

Эки кабаттуу имаратта иштөө үчүн бардык шарттар каралган.

Юстициянын учурдагы имараты 1979-жылдан бери колдонулуп келет, шарты талапка жооп бербегендиктен,бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Бул имаратта юридикалык жардам кызматы, пробация жана башкармалыктын Мамлекеттик нотариустары, юридикалык жактарды каттоо кызматы жана аппарат кызматкерлери жарандарды тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий