Бишкек, 13.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Баткен шаарындагы борбордук базарда өрткө каршы күрөшүү боюнча күтүүсүз машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жаткан өрт-тактикалык машыгуу быйылкы жылы 4-ирет уюштурулуп жаткандыгына карабастан, машыгуу маалында өрт өчүрүүчү унаа 1 саатка жакын базардын ичине кире албай, өрт чыкты делген аймакка кечигип барды.
“Базарда соодагерлер баш аламан туруп, машина өтүүчү жол тосулуп калган. Ошондой эле, сатуучулардын көңүл кош мамилеси да жолтоо болду”,-деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу, ӨКМ куткаруучулары сатуучуларга жана базардын жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өтүштү.
Пикир
Оставить комментарий