Баткенде салмагы 600 кг ашык контрабандалык чемичке аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Баткенде салмагы 600 кг ашык контрабандалык чемичке аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Бажычылар тарабынан Кадамжай районунун аймагында М.Б.Ж. аттуу өзбек жарынын башкаруусундагы Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Унаадан эч кандай жүк коштоочу, ошондой эле бажыга тиешелүү документтери жок, 240 кг салмакта Mega gold сортундагы чемичке табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 73 миң 200 сомду түздү.

Кадамжай районунда ушул сыяктуу эле мыйзамсыз товар ташып келүү фактысы аныкталган. Тактап айтканда, Н.О.А. аттуу жарандын башкаруусундагы Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда салмагы 378 кг болгон Mega like сортундагы чемичке табылган. Жүктүн товар коштоочу документтери болгон эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 115 миң 290 сомду түздү.

Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү караштуулугу боюнча кароо үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий