• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Куралдуу жаңжалдар болгон аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогулткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча чогулткан жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февралында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Н. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий