• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде салтка айланган "Мурас-Аймак" достук мелдеши башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Баткенде президент тарабынан демилгеленип салтка айланган "Мурас-Аймак" достук мелдеши башталды. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мелдешти облус башчысы Абдикарим Алимбаев ачып, командаларга ийгилик каалады.

Мелдешке облус боюнча 7 команда катышууда. Алардын курамында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын,укук коргоо органдарынын,социалдык-экономикалык жана башка мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери бар.

Мурас турниринин максаты - коомдун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, калктын ар кандай катмарларын дене тарбия жана спорт менен активдүү машыгууга тартуу, Кыргызстанда футзалды жайылтуу жана өнүктүрүү.

Бүгүнкү мелдеш Мурас-Аймактын облустук этабы болуп саналат.

Жеңүүчүлөр медалдар, кубоктор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат жана президенттин катышуусу менен футзал боюнча салтка айланган "Мурас" достук турнирине катышууга жолдомо алышат.

Пикир

Оставить комментарий