• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 15 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, рейд учурунда түнкү мезгилде ата-энесинин же жашы жеткен камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларында жүргөн өспүрүмдөр текшерилди.

Анда жашы жете элек 15 бала ата-энесинин жана жакындарынын кароосу жок, компьютердик клубдарда ойноп жүргөндүгү аныкталып, жеринде протокол түзүлдү. Алардын жакындары чакыртылып, эскертүүлөр берилди.

Ал эми 4 жашы жете элек өспүрүм шаарга башка райондон келгени маалым болду. Алардын да ата-энелери жана жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган рейддин максаты - өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий