• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткенде табигый кырсыктарды алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун Фергана өрөөнүн климаттык тобокелдиктерден жана жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылды.

Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришкендей, бул метеостанция аймакта ишке киргизүү пландалган төрт метеостанциянын бири. Жакынкы арада мындай станциялар Барпы, Жаңы-Ноокат жана Орозбеков айылдарында пилоттук негизде иштей баштайт.

Иш-чарага борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ошондой эле БУУнун өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция жаратылыш кырсыктарына байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтарды өз убагында чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө, болжолдоолорду жакшыртууга жана ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, ушул жылдын жай мезгилинде орун алган суу ташкындарынан кийин, алдын ала сигнал бере турган, эскертүү системаларын күчөтүү зарылдыгын көрсөткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов өз сөзүндө мониторинг жана алдын ала эскертүү системалары биздин артыкчылыктуу багытыбыз экенин белгиледи.

"Жаңы технологиялар жана ПРООН жана ЕБ менен өнөктөштүк жарандарыбыздын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет", - деди ал.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын «Баарына эрте эскертүү» глобалдык чакырыгы өзгөрүп жаткан климаттын шартында адамдардын өмүрүн жана бакубаттуулугун коргоого багытталган мындай демилгелердин багыты болуп жатканы белгиленген.

Өз кезегинде ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева бул метеостанция климаттык чакырыктарга каршы өнүккөн технологиялар жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун кантип бекемдей ала тургандыгынын ачык мисалы экенин баса белгиледи.

«Биз Кыргызстанга ишенимдүү мониторинг жана эскертүү системасын түзүүдө колдоо көрсөтүүнү улантабыз», - деп белгиледи Соловьева.

Пикир

Оставить комментарий