• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Баткенде УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн имараттары пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кадамжай райондук бөлүмүнүн жана Бүргөндү аймактык бөлүмчөсүнүн имараттарын пайдаланууга тапшырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бүргөндү аймактык бөлүмчөсү толугу менен жаңыртылып, кошумча курулуштар жүргүзүлгөн соң пайдаланууга берилди, ал эми Кадамжай райондук бөлүмүнө болсо толугу менен жаңы имарат курулду.

Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, кызматкерлерди өз кызматтык милдеттерин так жана берилгендик менен аткарууга чакыруу менен аймакта жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштердин багытына басым жасады.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча, Кадамжай жергесинде дагы деле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар жана алар кайсыл бир деңгээлде өздөрүн эркин сезип, анча-мынча иштерге кийлигишип жатат. Буларга тез арада чара көрбөсөңөр, мен силерге катуу чара колдономун. Коррупционерлер дагы чек ара аймагында кандайдыр мыйзамсыз иштерге барышууда, мындай болушуна жол берилбеши керек жана тез арада мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарышыңар керек", - деди Камчыбек Ташиев.

Жаңы имараттарда атайын кызматтын кызматкерлери үчүн кызматтык милдеттерин жетиштүү деңгээлде алып барууга бардык зарыл шарттар бар.

Пикир

Оставить комментарий