Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Баткенде жаңы жылдык балаты жанды.
Президенттин Баткен облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришкендей, күн мурун облус борбору Баткен шаарында бийиктиги 17 метр болгон жаңы жылдык балаты өзгөчө шаң менен жанды.
Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, элди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
Бул күнү шаар тургундарына концерттик программа тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий