• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Баткенде жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Баткенде жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-сентябрда саат 09:41де Баткен облусунун Баткен районунда жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Көк-Таш айылында 2,5 балл, Булак-Башы айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий