• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткенде жол кырсыктарын алдын алуу чаралары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Баткенде жол кырсыктарын алдын алуу чаралары талкууланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кеңешме Баткен облустук прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, ага Баткен облустук жана шаардык милицияларынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыктарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Иш-чарада 10 айда Баткен облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынын себептери, кырсыктардын алдын алуу, анын ичинен балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын болтурбоо жаатында, ошондой эле “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасындагы Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде толтурулган протоколдорунда жол берилип жаткан катачылыктары боюнча түшүндүрүлдү.

Жыйынтыгында жол кырсыктарына өбөлгө түзүүчү себептер жана шарттарды аныктоо, аларды жоюу боюнча сунуштар каралып, чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий