• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда эпидкырдаалды турукташтыруу чаралары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда эпидемиологиялык абалды турукташтыруу чаралары координациялык кеңешмеде талкууланды, - деп кабарлайт өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге облус жетекчисинин орун басары Чынар Саттарова, облустун саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын башчылары катышып, облустагы эпидемиологиялык абал талкууланып, кооптуу илдетти жуктургандардын санын кыскартуу боюнча маселелер ортого салынды.

Өкүлдүн орун басары түшүндүрүү иштери болуп жаткандыгына карабастан облуста эпидемиологиялык абал жакшырбай жатканын билдирген.

"Оорунун мындан ары жайылбашы үчүн тиешелүү жетекчилерге биринчи кезекте кафе-ресторандардагы, Кара-Булак айыл өкмөтүндөгү Алмалы жана Төрт-Гүл эс алуу жайларында өткөрүлүп жаткан той-маарекелерге күн сайын рейд жүргүзүү, базар, дүкөн, коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдөө керектигин айтты. Ошондой эле күзүндө боло турган сасык тумоого каршы алдын ала иш-чараларды уюштуруу, тийиштүү дары-дармектерди жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча иш алып баруу керектигин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө жаңыдан даярдалып жаткан 90 орундуу оорукананын штаттык бирдиктерин, инвентарь жана медициналык жабдуулар менен камсыз болуусун көзөмөлдөө тапшырмасы да коюлду. Оору менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге зарыл болгон шарттарды түзүү жана аларга берилип жаткан кенемтелердин реалдуу турдө төлөнүшүн тыкыр көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, 3-сентябрга карата облуста кооптуу илдетти жугузган жаңы 20 учур катталган. Бүгүнкү күнгө чейин ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 2 миң 368ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий