Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Ак-Сай айылына бүгүн 12 тонна арзан көмүр келди.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен районунун Ак-Сай айылына акимчилик менен Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин ортосундагы түзүлгөн түз келишимдин натыйжасында 12 тонна БР маркасындагы көмүр 6 сом 10 тыйындан сатылды.
Буга чейин айылга базар баасынан арзан баада жалпы 54 тонна көмүр элге сатылган. Анын 30 тоннасы “Кыргыз көмүр” мамлекетик ишканасы менен биргеликте алынып келген.
Мындан сырткары, Орто-Боз айылына көмүр сатуу түйүнү уюштурулган. Айылдын тургундарынын муктаждыгына жараша аталган жайдан көмүр сатып алууга шарт түзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий