• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Баткендеги Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Аймак 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/.Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен медициналык кызматтардын түрлөрү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Башкы дарыгер Орозбек Муратов ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов менен жолугушууда борбордо жүргүзүлгөн масштабдуу модернизациялоо иштерине токтолуп, келечектеги пландар менен бөлүштү.

"Борбор 108 койкалуу 9 бөлүмдөн туруп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Акыркы үч жылдын ичинде бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны модернизациялоо үчүн бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. ММК фондунун колдоосу менен реанимация бөлүмү ачылып, капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиология жана реанимация бөлүмүнө операция столу, операция лампасы жана сенсордук жуунгуч менен кошо 4 миллион сомго медициналык жабдуулар сатып алынды", - деди ал.

Ошондой эле дарыгер реанимациянын ачылышы бейтаптарды башка аймактарга ташыбай жеринде хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бергенин, убакытты кыйла кыскартуу менен дарылоонун натыйжалары жакшыртылганын кошумчалады.

Маалымдалгандай, учурда борборго 30га жакын лапароскопиялык операция жасаган Санкт-Петербургдагы реаниматолог жана хирург сыяктуу жогорку квалификациялуу адистер тартылды. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүдө.

Эл аралык донорлордун гранттык каражаттарынын 89,6 миң АКШ долларына лапароскопиялык жабдуу сатып алынып, акыркы айларда 30дан ашык операция жасалды.5 млн сомго буу казаны жана жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Фонддон белгилешкендей, борбор эми кардиология бөлүмүн ачууну жана томографиялык, ангиографиялык жабдууларды орнотууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий