Баткендеги уникалдуу "Мадыген" геопаркына кезектеги саякат уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. Баткендеги уникалдуу "Мадыген" геопаркынын аймагына кезектеги саякат уюштурулду, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Бул ирет аймакка облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, облустун аймагынан келген кызматкерлер, тарыхчы мугалимдер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барышты.

Жаратылыш сүйүүчүлөр алгач геопарктын аймагындагы Саркент деңизинин калдыктары аталган Малюскаларга барышты. Андан ары Сары-Тоо капчыгайына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү — "Мадыген" оазисине, каньондорго саякатташты.

Маалым болгондой, байыркы заманда бул түстүү тоолор Сармат деңизинин түбү болгон деген маалыматтар бар. Геологиялык процесстер бул жерде укмуштуудай пейзаждарды жана жаратылыш эстеликтерин жараткан.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев Кан-и-Гут үңкүрү менен таанышып чыгып, туризм Баткендин келечеги экендигин айтты.

"Алдыда биз бул уникалдуу жайда биринчи кезекте коопсуздук чараларын көрүү менен тийиштүү шарттарды түзөбүз. Ал эми үңкүрдү изилдөөнү жана бул боюнча маалымат жайылтууну токтотпойбуз. Баткен сыры ачылбаган тарыхий жайларга, кооз жаратылыш аймактарына бай. Ошондуктан туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Туризм Баткендин социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот. Ал эми мындай саякаттар "Мадыген" геопаркы тууралуу маалыматты жайылтуу, туристтерди тартуу максатын көздөйт", - деди облус башчысы.

Белгилей кетсек, "Мадыген" геопаркынын туристтик маршруту иштелип чыккан, жакынкы аралыкта аймакка байкоочу аянтчаларын куруу иштери жүрөт.

КР министрлер кабинетинин чечими менен уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелиги болуп түзүлгөн.

"Мадыген" геопаркы Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий