Бишкек. 29.05.23. /Кабар/. Баткен облусунун Максат айылында бийиктиги 40 метр флагшток орнотулуп, ага Кыргызстандын мамлекеттик туусу илинди.
Күн мурун, 28-майда өткөн туу көтөрүү аземине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.
Атайын кызматтан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар катышкан иш-чаранын алкагында Камчыбек Ташиев өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан аракеттер тууралуу кыскача маалымат берип, тургундар менен жакындан баарлашты.
Пикир
Оставить комментарий