• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Роза Отунбаева Баткендеги чек арачы жоокерлер менен отуруп чай ичти

Аймак 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Экс-президент Роза Отунбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районундагы Чоң-Кара чек ара заставасындагы жоокерлер менен жолугушту.

Отунбаева жоокерлерге атайын дастаркону менен келип, үй тамактарын жана таттууларды жайып, чай үстүндө баарлашты. Аларга мекен чегинде, мамлекеттин

коопсуздугу үчүн өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда акын Мирлан Самыйкожо өзүнүн жана белгилүү акындардын ыр саптарынан көркөм окуса, жоокерлер, мекенге арналган чыгармаларды аткарышты.

Жай форматта өткөн жолугушуудан кийин Роза Отунбаева чек ара заставасындагы жоокерлер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий