• 87
  • 90.41
  • 0.84

Батукаевдин иши боюнча сот: Угуулар УКМК имаратынан кайрадан Биринчи май райондук сотуна которулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурумду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) кайрадан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине райондук соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди судья Эмилбек Каипов кабыл алган.

Белгилей кетсек, буга чейин мурунку президент А.Атамбаевдин жактоочулары сотту кайрадан Биринчи май райондук сотунда өткөрүү боюнча сураныч келтиришкен. Алардын айтымында, мурунку президент сот залынан чыгарылгандан кийин отурумду УКМКнын имаратында өткөрүүгө кажет жок.

Эске сала кетсек, А.Атамбаев, И.Жолдубаева (Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиев (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси) жана А.Раимжанов (Гематология улуттук борборунун мурунку директору) коррупцияга айыпталууда.

Жогорку Кеңеш тарабынан мурдагы президент А.Атамбаевдин “экс-президент” макамын алуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин жыйынтыгында Атамбаев бир катар кылмыш иштерге тиешеси бар деген чечимге келген. Атап айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо бир катар коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Бишкек ЖЭБне көмүр сатып алууда коруупциялык схемаларды түзүү, Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз алуу жана акча чыгарууларга тиешеси бар.

Убактылуу комиссиянын тыянагында А.Батукаевди бошотуу Атамбаевдин тапшырмасы менен болгондугу көрсөтүлгөн.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун райондук соту Азиз Батукаевди бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн 16 жыл жана 8 айга эркинен ажыраткан.

Бирок, Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери, коомчулукка жана мамлекетке абдан чоң коркунуч алып келүүчү адам экендигине карабастан, КР УКМКнын төрагасы Ш.Атахановго аны ар кандай себеп менен абактан бошотуу тууралуу тапшырма берген.

8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы кармалуу мөөнөтүн узарткан.

Пикир

Оставить комментарий