• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Базар баасынан үч эсе арзан болот. Бишкекте катализатор сатуучу пункттарды ачуу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында рейд жүрүп, анда унаалардын катализатору, бөлүнүп чыккан түтүндүн жаратылышка зыяндуулугу текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында борбордогу унаалардын басымдуу бөлүгү көмүр кычкыл газын нормадан көп бөлүп чыгара турганы, айрым унааларда чыккан түтүндү чыпкалай турган катализатор жок экендиги аныкталды.

Өз кезегинде Бишкек мэриясы катализатор сатуучу пункттарды ачууну пландап жатат. Аталган жайларда түтүндү чыпкалай турган жабдык базар баасынан үч эсе арзан болот.

Белгиленгендей, мындай чара борбордун атмосфералык абасынын абалын жакшыртууга багытталган.

Маалымат үчүн: Расмий статистика боюнча Бишкек шаарынын аймагында 400 миңден ашык унаа катталган. Андан тышкары, аймактардан келген унааларды кошо эсептегенде шаардагы унаалардын саны 500 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий