• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жаңы оорукана курулууда

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылынын эли үчүн жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда оорукананын курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга бүткөрүлүп, имараттын сыртын жасалгалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Объекттин курулушу 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 2 379 чарчы метрди түзөт. Куруу иштерин "Сантехмонтаж" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий